ДҮНҮЙӨ МЕНИН КЕПИЧИМЕ САЖДА КЫЛДЫ
Бахадиршахтын заманында, Касым Нанутвий деген белгилүү Ислам аалымы жашаган экен. Бул адам өмүрүн илим алуу жана аны үйрөтүү менен өткөрчү экен. Бир күнү Мераб шаарынын акими аалымга тартуу берип, аны ыраазы кылуу максатында, бир баштык алтын, күмүштү көтөртүп алып, мечитке жөнөйт. Жолдо бара жатып, жан-жөкөрлөрүнө карап: "Хазратка мен бергендей белекти эч ким бербесе керек, азыр анын кандай кубанганын чогуу көрөбүз" - деп мактанат. - Сиздин берешендигиңизди эч ким кайталай албайт, - деп, жан-жөкөрлөрү да аны кубаттайт. Ошентип алар мечитке жетет. Бул учурда Нанутвий мечит алдында чачын алдырып отурган экен. Аким келип, салам берет. Аалым саламга жооп бере