Токтогул районунда ачылган «Хадия» бекер таратуу дүкөнүнүн ээси Көкүмов Нурсултан: «Бекер дүкөндү бардык аймактарга жайылтууну көздөп атабыз»
– Нурсултан мырза, бул дүкөндү ачуу идеясы кандайча пайда болду?– Күндөрдүн биринде туугандарыма каралашканы барып калдым. Таежебиз үйүн жыйнап, бир топ кийимдерди өрттөйм деп калды. Карасам кийиле турган эле кийимдер экен. Болгону аларга туура келбей калыптыр. Ыргыттырбай сурап алып кыйналып жашаган коңшуларыма алып келип бердим. Ал эски кийимдер үчүн кошунам кубанычта болду. Ошол окуядан кийин бирөөнө керексиз оокат кимдир бирөөгө керек экен деген ой келип дүкөн ачтым. – Дүкөндө кандай товарлар бар? – Бизде кийим-кечеден тышкары макарон, күрүч, май