"Эне жана келин" Бир канча жыл мурда келининен таяк жеген кемпирдин абалы тууралуу кайсыдыр гезитке чыккан макала эсиме түшөт. Бул окуя мага аябай катуу таасир калтырды. Келини сабаганы аз келгенсип кыштын суук күнү кемпирди көчөгө кууп чыгыптыр. Ызгаардуу кышта ээн талааны бойлоп кеткен көчөдө араң баскан кемпирдин сөлөкөтү көзүмдөн кетпейт. Күүгүм кирээрде анын жанына милициянын машинеси барып токтоду.Кемпир эмне болгонун айткан деле жок. Болгону милиция сураганынан дарегин атаптыр. Бирок үйгө баргысы жок.Милиция бөлүмүндө түнөп калууга уруксат сурап, тордун артындагы керебетке отура кетиптир. Милиция кептин төркүнүн түшүнгөнбү же кемпирди тордун артына жаткырууга негиз жок дедиби айтор ан