Геморрой - бул көтөн чучуктун чыга беришиндеги кан тамырлардын кеңейип кетүүсүнөн келип чыккан илдет. Бул ооруну адамдар илгерки Гиппократтын убагында, тагыраак айтканда б.э.ч. I - II- кылымдарда эле билишкен. Геморрой деген сөз гректин сөзүнөн алганда "Гемморагия" - кан агуу дегенди билдирет. Азыркы медицинада бул оорунун кайсыл даражасын кандай жолдор менен дарылоо керектиги толугу менен изилденген жана аны толугу менен айыктырса болот.
Геморройдун белгилери ☘️☘️☘️☘️☘️☘️☘️ Көпчүлүк убакта пайда болгону билинбей калат. Адатта геморройду чоң заарага барып, көчүгүнөн кан агып баштаганда байкашат.
Кээ бир убактарда ачышкан-кычышкан сыяктуу белгилерден ба