Асылым, сен каякта?
Акының мен каякта?
Жээктен турам карап,
Жеталбай сен тарапка.
Эскирген жаңы болор,
Эх чиркин, баары болор.
Учкан куш чабытындай,
Убакыт дары болор.
Ичейин калтырбастан,
Күчөйүн айтылбастан.
Куу дүйнө, дары берчи,
Кусалык дартын баскан.
Оттугу карашыңдын,
Шоктугу санатымдын.
Жолдорго баш ийбеген,
Жоктугу канатымдын.
Кесесин сундуруучу,
Керемет ыр кылуучу,
Тагдырым, каяктасың,
Таш чайнап, кум кылуучу.
Жалгызды миң кылуучу,
Жай кышты ыр кылуучу.
Касиет күндөр кайда,
Какырды гүл кылуучу.
Чаңкасам суу жуткандай,
Чарчабай буулуккандай,
Туп тунук махабатты,
Турналар туу туткандай.
Күйүттө ичте запкы
Күн жүздүүм, бизде запкы.
Түнөрүп жалгыз сүзөт,
Түгөйүн күткөн ак куу.
Ө