Тогуз ай толгоно көтөрүп балаңызды жарык дүйнөгө алып келдиңиз. Бирок алдыда дагы 40 күндүк күрөш күтүп турат. Бул убакытта аялдын организминде кандай өзгөрүүлөр болот, мурдагы калыпка келүү үчүн эмне кылуу керек, билип алыңыз.
Тери
Төрөттөн соң аялдын бетинин терисинде күрөң тактар пайда болушу мүмкүн. Бул бөйрөк үстүндөгү бездин көп өлчөмдө гормон бөлүп чыгарышына жана ультра кызгылт көк нурлардын таасирине байланыштуу. Бирок бул тактар төрөттөн бир нече күндөн кийин өзү эле кетет. Же болбосо 100 грамм бадам данегин кайнак сууга салып жумшартып, андан кийин данды жанчып майдалап, ага лимон ширесин жана бир аз суу тамызып аралаштырып, даяр болгон соң бе