Дүйнөдөн Атанын көзү өткөнү өтө кыйын экен . Таш түшкөн жеринде оор дешет . Айрандай уюп жаткан бир айылдагы бир үйдүн Атасы дүйнөдөн кайтыш болуп , аялы менен төрт уулу калды .Бул жоготуу Асман айланып түшкөндөй , чынар терек кулагандай бир бүлөөнүн эсин оодарып койду . Үйдүн чоң уулу бул жоготуудан соң тез эле чоңойо түшкөнсүдү . Шаарга барып окууга тапшырып , соң адам болом деген үмүттөрү бар эле . Атасы өлгөн соң үч иниси менен апасын таштай албай бир үйдүн тиргилигин мойнуна алды . Короодо калган он койдун башын курап айылда калды . Айылда кайсы кара жумуш болсо башында ошол болуп , инилерин бой жеткизди , окутту , чокутту . Убакыт деген учкан куш эмеспи . Убара