“Жумушуңду берилип аткарууң, сени үч нерседен сактайт...”
Эгер бактылуу жашагың келсе, бардык нерсени анализдей бербе! Бардык нерсени чечмелей бербе, бардык нерсени тактай бербе. Алмазды тактап табам деген адам, көмүрдү казып алышы турган кеп.
Сен ыйлап төрөлгөндө адамдар күлүп, кубангандыгын эсиңден чыгарба! Сен көз жумган күнү адамдар ыйлап кайгырышат, ошол күнү күлүп жан беришиң үчүн жакшы амалдарды аткарганды унутпа!
Артымда баспа, жолумду таппай калышым мүмкүн. Алдымда баспа, сени ээрчибей коюшум мүмкүн. Түбөлүк тилектеш болууну кааласаң, дайыма жанымда бас.
Башкалардын жүрөгүндө сага болгон кандай пикирлер бар экендигин билиш үчүн, кээде талашып-тартышып турганга да муктажбыз. Кээ