“БЕЙИШКЕ ЖЕТЕЛЕГЕН БЕШ НАСААТ”
1-бөлүм.
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Адамдардын жашоосуна карасам, алар бири-бирин дос тутуп жашашып, бирок көз жумуп кабырга барганда жалгыз калтырып кайта беришет экен. Ошондуктан мен сообу көп амалдарды өзүмө жолдош кылдым, анткени мага кабырда жолдош болчу нерсе ибадаттарым гана экендигин түшүндүм.
"Ал эми Раббисинин алдында туруудан коркуп көңүлү каалаган нерселерден өзүн тыйган адамдын, бара турган жери - албетте бейиш болот" деген аятты окугандан кийин, эркиме ээлик кылып, напсимдин каалоосуна каршы туруп, Аллага мурдагыдан да көбүрөөк ибадат кыла баштадым.
Адамдарды карап турсам, бардык эле адам колунда бар баалуу нерсени сактап калып жоготпо