Арабызда ачуу азыктарды жактыргандардын саны арбын болсо керек. Баарыбызга белгилүү болгондой, айрыкча мырзалардын ачуу татымалдарсыз тамакты элестетиши кыйын. Эгер дасторконуңузда лаза турса, ал көп тамактын даамын арттырып, жегиликтүү кылат. Лаза кантип даярдалат? Анын бир нече түрүн үй шартында кантип даярдоо керектигин сиздерге сунуштайбыз.
УЙГУР ЛАЗАСЫ
Керектелүүчү азыктар:
Кызыл мурч – 300 грамм Сарымсак – 250 грамм Өсүмдүк майы – 150 грамм Суу – 150 грамм Уксус (70%) – 25 грамм Туз – 20-25 грамм