КЫЗЫ БАР АТАЛАРГА НАСААТ.
Кыздарыңыз бул дүйнөгө көз жарып келсе, ал сизге бакыт үчүн келди. Кызыңызды эркелетиңиз, кызыңызды кучактаңыз, кызыңыздын чекесинен ар күнү беш жолу өбүңүз. Кызыңыз сизге кысылбай келип: "Атакем!" - деп, асыла турган болсун. Кыз сизге келип, сырын айтып: "Атаке, мен ушундай кылдым, туурабы? Атаке, мен ошондой иштедим, дуруспу? Жана мындай кызык иш болду" - деп, оюн айта турган болсун.
Кыз бала, кыз бала бели бешиктен чыкпай туруп, эмнеге көчөдөгү бейтааныш жигит менен жүрүп кетип жатат...?
Анткени, аны эркелете турган агасы жок, белек берүүчү атасы жок! Ошондуктан, көчөдөгү көрүнгөн көк күлүктүү жигит кафеге чакырса, бир гүл берсе, киного алып барса, ошого ма