Эркектин кийимин аял тепсегенде, чамгарактан кут качат
Мурунку парасаттуу энелер эркек кишинин кийимин аттап, тебелемек турсун, бөлөк жуушкан. Эркекке деген урмат-сый ошончолук жогорку даражада болгон.
Эркек адамдын кийимин тепсебегиле!!!
XVIII кылымда, Казакстандын батыш өңүрүндө Есенгелди аттуу адам өмүр кечирген экен. Ал жети атасынан тарта тектүү-түктүү, байлыгы мол, оокаттуу адамдардан болгон өңдүү. Накта чынжыр билек, чым төштүү, келбети келишкен балбан адам болгон экен. Бий чыкма болуп, эл да бийлеп турган жагдайы бар эле. Анын бир токолунан Бекей аттуу уулу болуптур. Бекей орусча сабаты өтө жогору болуп, билимдүү зирек жигит болот. Байдын байбичеден туулган балдары, Бекейдин эл ич