Бүгүнкү күндө ухтилер күйөөдөгү аялдардын инстаграммына көз салып отурушат. Ал аялдардын жеке жашоосунан көрсөтпөгөн эч нерсеси калган жок, баардыгын «аманат» деп жалпы коомчулукка көрсөтүп салышты. Күйөөгө тийе элек ухтилер ушунун баарын көрүп, кыялданып, кыялга жетеленип башташат. Убакыттын өтүшү менен ал кыялдар акылды бууп, реалдуулук сезимин тосуп салат да, ухтилер нике деген бул жоолук, гүлдөр, романтика, кызгылтым шариктер ж.б.у.с. нерселдер экен деп ишенип калышат. Ушунун кесепетинен ошондой жашоо алып бере турган «идеалдуу» эркекти күтүп калышат. Ал эми күйөөгө тийгенден кийин тез эле көӊүлдөрү калат. Идеалдуу эркектин аялы болуш опоӊой. Ал ыймандуу, диндар, кыял-жоругу эӊ жакшы, ая