Биз жашап жаткан ааламда таң каларлык көрүнүштөр арбын. Жараткан адамдарга бир-бирине окшобогон ар кандай кереметтерди тартуулайт. Бул ирет наристе күнүндө дүйнөнү таң калтырган балдар тууралуу маалымат беребиз.
Грегори Смит 12 жылда 4 жолу Нобель сыйлыгын алган.
Грегори 1990-жылы туулган, ал 2 жашынан баштап окуганды үйрөнүп, 10 жашында университетке тапшырган. Кичинекей гений илим менен гана алек болбостон, балдардын укугун коргоочу кыймылдын активисти катары дүйнөгө саякат жасап чыккан. Ошондой эле Дүйнөдөгү балдар арасындагы жетишкендик, түшүнүшүү кыймылынын негиздөөчүсү. Ал 12 жылда төрт жолу Нобель сыйлыгынын ээси болгон.