Кээ бир инсандарга сабак болсун!
Майрамдын алдында жаш жигит үйүнө шашып келе жатты. Көңүлү жайында эле. Себеби эртеси – майрам күнү, үй-бүлөсү менен эс алып, көптөн бери баралбай жүргөн ата- энесиникине да барып келишмек. Жолду катар өз ою менен алек болуп баратып, алдыда, жолдун четинде ойноп жаткан балдарды байкабады. Бир убакта алардын бири жолго чуркап чыга калды. Машинаны токтотууга үлгүргөнү менен, баланы катуу урганын сезди. Ошол замат сыртка октой атып чыкты. Шаардын чет жагы болгондуктан, тез жардам чакырып, аны күтүп отургусу келбеди да, баланы машинасына салып оорукананы көздөй шашып жөнөдү. Ооруканадан аны реанимация бөлүмүнө алып кирип кетишти. Бирок дарыгерлердин бири балага