=БАЛКИМ БАКЫТ...=
Бакыт деген бирөө айтат акчада,
Бакыт болот балаң жүрсө бакчада.
Бирөө айтат наалыбастан жашасаң,
Бакыт болот шүгүр кылуу азга да.
Бакыт кайда ,же сүйүктүү жарыңда,
Бакыт мына болсо аның жаныңда.
Бакытыңды куруп берчү ал болсо,
Бир болбойтко сени менен кабырда.
Бакыт деген заңгыраган үйдөдүр,
Дудук үчүн бакыт деген сүйлөөдүр.
Ата үчүн бакыт деген баласын,
Тирүүсүндө тойду кылып үйлөөдүр.
Балким бакыт аш оокаттын болгону,
Ач курсагың жакшы болуп тойгону.
Балким бакыт намаз үчүн түндөсү,
Уктаганда элдин баары ойгонуу.
Балким бакыт бул дүйнөнү көрүүдө,
Жүк болбостон жашап өтүү өмүрдө.
Балким бакыт акырээтиң ойлонуп,
Жаратканга сажда кылып өлүүдө!
Айтикул кызы Амина.
🖥 И