Оозго келген жагымсыз кескин кычкыл даам баарыбызга эле тааныш болсо керек. Анткени ар бир адам зарна илдетине жок дегенде бир жолу кабылат. Зарна - кызыл өңгөчтөгү, өзгөчө анын төмөнкү бөлүгүндөгү кыжылдоо сезими. Карындан кычкыл суюктук кызыл өңгөчкө өтүп кеткенде оозго жагымсыз кычкыл даам келет. Зарна ашказан маңызынын кычкылы көбөйүп же төмөндөп кеткенде, туз кислотасы такыр жок болуп кеткен учурларда байкалат. Кээде адам өз нормасынан ашыкча тоё жеп алганда же тамактанган соң сиңирбей туруп тезинен жатып алганда, ашказандын ар кандай ооруларга кабыла баштайт
Зарна болуп атам деп жүрө берип, көптөр гастритти ашказан жарасына айлантат. Бул