Жашоо- бул дүйнөдө окуп бүткүс эң чоң мектеп... Андагы "5" алганың- бактылуу күндөрүң, бирөөгө жакшылык кылганың. "4" алгандар ортодо жүргөндөр. "3","2" алганың жашоодогу кылган каталарың, кемчиликтериң. Бирок бул баалардын ар бирин алып көргөндөр да, а балким кээсин албагандар да бар.. Бул мектептин директору, завучу, мугалими бирөө гана, ал баарына жетишет, баарын байкап турат, ал ушундай мээримдүү, кечиримдүү., ыйык, бийик, кең пейил. Ал ким деп ойлойсуздар?
Кандай баа алуу, кандай окуу ал ар бир адамдын өз колунда..
Мен азырынча "4","5" гана алып келе жатам деп ойлойм (аллага шүгүр)..