Урматтуу Айбек Усенович!
Сизди бүгүнкү туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Сиз бүгүн канчанчы туулган күнүңүздү өткөрүп, эченчи жолу артка кылчайып өзүңүзгө эсеп берип жатсаңыз дагы бүгүнкү күнгө татыктуу эмгек менен келдиңиз десек болот. Обончу, аткаруучу, ырчы, сахнага жаңы кадам шилтеген жаштардын акыл-насаатчысы, устатысыз. Бүгүнкү күндө маданияттын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошуп, көңүлдөн тышкары калып бара жаткан, аздап унутула баштаган өнөр ээлерин колдоого алып кайрадан жан киргизе баштаган, чоорчу, кыл кыякчы, комузчу, ооз комузчу, акын-жазуучулардын үмүтүн жандырган чыныгы патриот инсансыз. Эртеңки келечек муундун татыктуу билим алып, тарбиялуу, үлгүлүү уул-кыздардын өсүп чыгышына