Боз үйдүн ичинде ыйлап отурган Дамираны көрүп боорум ооруса, кылган кылыгын көрүп кыжырым келет. Адамга болгон сайын болсун дейт тура. Бир убакта телегейи тегиз болгон Дамира шүгүр кылганды билбей жүрүп бир күндө баарынан кол жууп каларын билбеди. Өзү финансы окуу жайын бүтүп турмушка чыкты, күйөөсү да аябай табышкер эле, жаш туруп эки кабат үйүн бүтүрүп алды.
Эки уул, бир кыздуу болду. Бирок эң эле ач көз болуп алды, 1990-91чи жылдары, эл кыйналып турган мезгилде акчаны %ке бергенди жумуш кылып алды. Миңине 300 берет, кыйналгандар ала берчү. Берген кишида алган кишида күнөөлүү болорун билсе да алышчу. Дамирага атасы көп жардам берчү, мал сатып акчасын берчү, апасы дайыма каршы болуп турчу