Бир күнү ажал өз ишин аткаруу үчүн бир адамдын үйүнө барды:
- Бүгүн, сенин акыркы күнүң.
Адам:
- Бирок мен өлүмгө даяр эмесмин.
Ажал:
- Бүгүнкү тизмеде, сенин атың биринчи жазылган.
Адам:
- Макул анда... акыркы жолу чогуу отуруп чай ичсек кантет?
Ажал:
- Албетте
Адам, ажалга дастарконду жайнатып чай сунат, чайына уктатуучу даары кошуп койот. Ажал ичип алып дароо уйкуга кетет.
Адам, ажалдын колундагы баракты алып биринчи катардагы өзүнүн атын өчүрүп, эң акыркы катарга жазып койот.
Ажал уйкудан ойгонуп:
- Сен мага бүгүн сый көрсөттүң, ошол үчүн бүгүн ишимди барактагы тизменин эң акыркы катарынан баштайм дейт.
Тагдырыңызга жазылган нерселерди канча аракет кылсаңыз да өзгөр