ЖЕТИ ТОКОЧТУН КАСИЕТТИ.
Баягыда бир жолоочу жолдо келе жатып, жолдон сандык таап алат. Ачып караса алтын таш жатат. "Кудайым жок жерден берди го" деп кубанган байкуш алтынга колун созо бергенде, ал чоң жыланга айланып өзүнө тап берет.
- Эй, бечара не тапсаң да, өз шоруңан көр. Сандыкта жатып миң жыл бою:
"Ким мени бошотсо алтын менен аптап, күмүш менен каптаймын" деп тиледим. Эч ким куткарбады. Бүгүн: "Ким болсо да эми мени куткара турган болсо, ошону жутуп өлтүрөм,"- деп шерт бердим. Сен кезиктиң. Эми шертимди орундаймын,- дейт. Жолоочу шашкалактап не кылаарын билбей, "сени куткардым, жибере гөр" деп канча жалынса да жылан көнбөйт. Капыстан жолоочу алыстан келе жаткан отуз адамды көзү ч