Москвадан айылга жаңы эле баргам. Бир күнү Атама телефонуңузду бериңизчи, айылдагылардын номерлерин жазып алайын деп алып алып жазып атсам "ЖАНЫМ" деген атка көзүм чалдыгып калды. Апамы ушинтип сактап алса керек деп номерин карасам башкача. Эсим ооп эле отуруп калдым. Кантсе да чалып көрөйунчү деп түн болсо да чалууну туура кордум. Чалсам телефонду бир кыз алып, алло, жан дейт. Коркуп кетип өчүрө салдым. Көздөрүм тунарып, Тынар айткандай шакарим (сахарым) көтөрулүп кетти. Мен өмүр бою идеал деп билген адамым кантип ушул жолго барды деген суроо мени жеп атты. Көз алдыма Атамды кыздар менен жүргөнүн элестете баштадым. Ыйлап атам. Ортодо Апамды да аяп кеттим, байкуш эч нерс