Бул дүйнөдөн өтүп кеткен адам, тиги дүйнөдөн сизге насаат айтып кат жибергенин элестетип көрүңүз! Анын насааттары кандай болуусу мүмкүн деп ойлойсуз? Төмөнкү окуя бизге акыреттен жиберилген катты элестетүүгө жардам берет.
Пайгамбарыбыз (Ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: “Исра жана Мираж түнү Ибрахим пайгамбарга жолуктум. Ал мага: “Оо, Мухаммад! Үммөтүңө менин саламымды айта бар жана аларга: Бейиштин топурагы миск сыяктуу жыпар-жыттуулугун, суусу мөлтүр кашка тазалыгын, эч нерсе отургузула элек бош жерлер бар экендигин айт. Ал жерлерге төмөнкү сөздөрду айткандарга бак тигилерин айта бар: “Субханалла” (Алла Таала ар-кандай айып-кемчиликтерден таза), “Ал