💬 Даруль-хижра имамы, табатабаиндер доорунда Пайгамбар ﷺ мечитиндеги эң чоң узтаздардын бири – имам Малик, рахимахуллооху, өзүнүн окуучуларына айтчу эле: «Кандай гана адам болбосун – анын сөзү кабыл болушу же четке кагылышы мүмкүн – бир гана бул кабырдын ээсинен башка» деп Пайгамбардын ﷺ мүрзөсүн көрсөтчү.
Бул сөздөрдүн мааниси: мусулман пенде, өзгөчө илим талабасы, Пайгамбардын ﷺ бир хадисин билген соң “бул менин мазхабыма каршы келет” деп, өзүнүн мазхабына ээрчиш үчүн – хадисти таштап коюу жарабайт. Мазхабты ээрчүү – парз эмес.
Аны ээрчибей койсоң жазаланасың дегидей деңгээлде, ааламда Аллахтын Расулунан ﷺ башка эч ким