Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Булуң айыл өкмөтүндөгү Фрунзе айылында чоочун кишилер жетим балага (болжол менен 8-9 жаштарда) мал кайтартып жатышат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акыйкатчынын облустагы жардамчысы, «Акцент» коомдук фондунун өкүлү Анна Макарова билдирди. Ал баланын иштеп жатканы тууралуу маалымат алып, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен бирге окуя болгон жерге келген. «Баланын аты Илья, анын ата-энеси каза болуп калыптыр. Мектепке да барбайт экен. Ал бир бай үй-бүлөнүн колунда мал багып, уй саайт. Жаңы үй-бүлө балага Кыргызбай же жөн гана «Эй» деп кайрылышат. Илья аба ырайынын шартына карап кийинген эмес (резина өтүк жана кофта), кебетеси начар, от жагуучу бөлмөдө жашайт», — деди