ДЕН СООЛУК, ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШ Ар бир жаныбардын этинин пайдасы ар башка
Жылкы эти — таза, ар дайым пайдалуу чөптөр менен тамактангандыктан этинде дарылык касиетери абдан көп. Уйдун этине салыштырмалуу 8 эсе бат сиӊет. Холестерин жок. Булчуӊдарды чыӊдап, өттүн жакшы иштешин шарттайт. Боордун жабыркаган ткандарын калыпка келтирип, гемоглобинди көбөйтүп, эркектин бел кубатын көтөрөт.
Кийик эти – Борбордук Россиянын түндүк тарабында ашканаларда кийиктин эти дайыма колдонулуп келет. Эт минералдарга жана витаминдерге абдан бай. Башка эттерден өзгөчөлүгү В витаминдер группасы жана темир көп, уйдун этине салыштырмалуу. Көбүнчө салат жалбырактары, козу карындар менен жеген сунушталат. Ичибиздеги