Бал татыган бала кезден чогулуп, Бир класста бирге бирге билим алганбыз. Эмне жаман, эмне жакшы экенин, Мугалимден окуп билим алганбыз. Ал убакта темир канат балапан, Жан-дуйнобуз ак барактай таптаза. Баёо сезим балалыктын жылдары, Ошол убак азыркыдан башкача.