КОСМЕТИКАЛЫК МАЙЛАР.
Учурда дарыканалардан, дүкөндөрдөн косметикалык майлардын бир канча түрүн кезиктиребиз. Аты тааныш ал майлар медицина жана косметикалык тармакта кеңири колдонулуп жүрөт. Бул макаланын жардамы менен ал каражаттардын артыкчылыктарын кенен билип алып сиз да пайдаңызга колдонуңуз.
Уйгак майы (репейное масло).
Уйгак майынын курамында Е, А витаминдери, минералдар, протеиндер, эфир майы, инулин заты бар. Ал терини азыктандыруучу, калыбына келтирүүчү, нымдандыруучу касиетке ээ. Теринин кургактыгын жөнгө салып, кычышууну басат жана зат алмашууну калыбына келтирет. Баштагы капиллярдык кан агууну тездетип, чачты бекемдейт жана бат өстүрөт. Ошондой эле какач менен натыйжалуу күр