Атам менен апам эч качан урушушпайт.....
Уктап жаткан кыз ызы-чуудан ойгонуп кетти, кроваттан түштү да, үн чыгып жаткан бөлмөгө барды. Анын ата-энеси күндөгүдөй урушуп жатышкан, алар кызынын ойгонгонуна да көнүл буршкан жок. Ата-энесинин урушунан коркуп, бир четте аларды күзөтүп турган 7жаштагы кыз ыйлап жиберди. Адепсиз сөздөр менен бири-бирине кыйкырып жаткан ата-эне кызына маани да беришпеди:
- Сиз мен үчүн эмне кылып койдунуз?
- Очур үнүндү, баланды алып жогол бул үйдөн. Мага сен да, баланда керек эмес!
- Эмне? Баламды алып жоголоюнбу? Мейли, кетсем өзүм кетемин! Бул үйгө жалгыз келгенминби, жалгыз кетем. Бала бир меники эмес, төрөтүп койдунузбу эми эптеп багын! Аял жини чыкканча өзүнүн