АПАМ КИМГЕ КЕРЕК? Заңгыраган кооз тойканада эки жаштын үйлөнү үлпөтү шаңдуу өтүп жаткан. Төрдөгү бийик секичеде тойдун күнөөкөрлөрү болушкан келин менен күйөө жигит бакыттын кучагында термелишип, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турган эле. Ортодо күйөө жигиттин апасы кубанычына жетине албай туугандары менен бийге түшүп бийлеп, кайра ары-бери жүгүрүп кудалары менен меймандарды жайгарып жүрдү. Бүгүн байкуш эненин бактысын сөз менен айтып жеткирүү кыйын болчу. Анткени жаштайынан атасынан жетим калган жалгыз уулу, таянар тоосу болгон баласы аман-эсен эр жетип түндүк көтөрүп жаткан эле. Тойго келген бардык коноктор, тууган-уруктар ортодо күйпөлөктөп жүргөн апаны кезектешип куттуктап жатышты. Көп адамд