СЫЙЛАШКАНЧА ӨТӨЛҮ
Сездиң бекен көңүлдүн оруганын,
Тымызын жаш жүрөктү торуганын.
Сүттөй таза оюума кайгы салып,
Өмүр бою жакшылыка жооруганын .
Мен бир пенде көпчүлүк катарында,
Кепил жоктур канча өмүр жашарыма.
Баарыбызга аманат жалган дүйнө,
Аллах күбө канча ырыскы ашарыма.
Жакшыларым, Кудайдын пендесибиз,
Кетсек кайр ааламга келбейтирбиз.
Жылуу суйлөп, сыйлашканга өтөлүчү ,
Улуу муун урпактардын эсиндебиз.
Мен жөнөкөй аяалдын бири болом,
Жан дүйнөмөдөн капалыкты четтеп койгом.
Канча сүйлөп какшыктап турсаң деле,
Көңүлдөгү капалыкты эчак жойгом.
Адинай Шанаева Кадамжай 04.04.2019.