КАЗАН- АЯКТЫ ТАЗАЛООНУН ЫКМАЛАРЫ!
Ашканадагы көзгө жагымсыз көрүнгөн идиштердин май баскан, күйүк топтолуп катып калганынан арылуунун ар кандай жолдору бар. Бирок аны бардык эле аялзаты биле бербейт.
Активдештирилген көмүр
10 даана активдештирилген көмүрдү майдалап эзип, май басып катып калган идишке шыбап 5-10 мүнөт күтөсүз. Убактысы келгенде идишке жылуу суу куюп дагы 15-20 мүнөт тыныктырасыз. Андан соң катуу щётка менен жышып жууп коёсуз.
Уксус
Май сиңип саргыч тартып калган мискейге 4 аш кашык уксус жана 1 стакан жылуу суу куюп жай отко коюп 2 саат кайнатасыз. Ушундан кийин катып калган майлар өзүнөн өзү күбүлүп түшө баштайт. Калганын губканын жардамы менен жышып сүртөсүз