Энелер - үйдүн шамы жаркыраар.
Кубанычты ар күн үйгө тартуулар.
Сый, урматка бөлөнгүлө ар дайым,
Сиздер үчүн асыл ойлор айтылаар.
Эң ажарлуу, гүлдөй назик апалар.
Түн жарыткан, асмандагы айсыңар.
Бизге берген мээримиңер жай болуп,
Жакшы маанай тартуулаган жазсыңар
Оо айымдар эң бир сулуу жансыңар,
Ар бир үйдүн кутусуңар, баксыңар.
Жаз менен кирип келген силердин,
Куттуу болсун 8 - Мартыңар...
Бүт ааламга теңебеген кымбаттуу энелер, урматтуу эже-сиңди, курбулар жалпы айымдар сиздерди бүгүнкү 8- Март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайм. Жай мезгилиндей жылуу, Күз мезгилиндей мээримдүү, Кыш мезгилиндей ыймандуу, Жаз мезгилиндей сулуу, жапжаш болуп жүрө бериңиздер....
Урматым менен