Акыл Сатыбалдиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Москва шаарында кыргыз кызы дайынсыз болуп жатканын, маалымат билгендер болсо кабарлап коюшун суранып пост жазган. Анын жазганы төмөндө толугу менен:
“Салам алейкум, туугандар, 27-октябрь күнү саат 18.00дө Новокосино метросуна подработка чакырган эле. Ошол күнү баргандар болсо кабарлап койгулачы, сураныч, Рысбек кызы Танзада жок болуп жатат. Чалсак, телефону өчүк, кайра в сети болуп жатат. Көргөн-билгендер болсо, кайсы бир подроботкада чогуу иштегендер кабарлап койгулачы. “Бизди камап койду, эки киши” деп ыйлап голосовой запись жөнөткөн. Башка дагы кыз-келиндер бар экен эле. Таркатып койгулачы! Полицияга арыз жаздык, кичине болсод