Убакытта очум бар...
Шамалдын дабышы кулагыма жанырып, шуулдаган тал-теректер ун чыгарып, куздун эн акыркы саналуу кундору калган, ноябрдын туну. Жалбырактар шамалга сапырылып, ары-бери удургуп, бак-дарак балалык менен коштошкондой жаай термелет. Карангы тундо ай дагы оз багыты менен шашылып бараткандай. Шамал келди да, терезени туртуп ачты. Такыр-тукур дабыш чыгарып, майда таштар айнекке урунгандай болду. Бурганактаган шамал денемди бир чыйрыктырып отту да, жайылып жаткан кагаздарды асман которо учуруп салды. Уйдун ичини алаамат каптады. Коздорум эч нерсеге тушунбой болуп жаткан алааматка коруучу гана болуп берди. Коз ирмемде терезеден кагаз менен жалбыракты кошо шамал алып чыга жоноду