ТЕРС ЭНЕРГИЯНЫ КАБЫЛ АЛБООНУ ҮЙРӨНҮӉҮЗ
Коркуу, жинденүү, көӊүл калуу сыяктуу терс эмоциялардын бардыгы – бул биздеги энергиянын бир бөлүгү. Адам эмоцияларды сиӊирип алуучу губка сыяктуу. Сизде бирөөлөрдүн терс энергияcын өзүӊүзгө тартып алып, маанайыӊыз жок жүргөн учурлар көп кездешсе, анда төмөнкү макаладан терс эмоциялардан канткенде коргонууга болорун үйрөнүп алыӊыз.
ТЕРС ЭНЕРГИЯНЫН БУЛАГЫН ТАБЫӉЫЗ
Эмпатия — жанындагы адамдын эмоцияларын өзүнө тартып алуу кубулушу. Эгер элдин кубанычына кубанып, кайгысын теӊ бөлүшкөн Асан Кайгылардын катарына кирсеӊиз, анда сиз эмпатсыз. Бир карасаӊ жумуш күнү жеӊил өттү, бирок кечинде үйгө кайтканда тоону томкоргондой алсырап, жинденип кай