Бугун сени акыркы ирет сагынам,
Мындан аары болду сени тааныбайм
Кечирип кой тоскоол болсом бактына,
Эми болбойм болууга да батынбайм.
Бугун сени акыркы ирет сагынам,
Булуктурган сезимдерге кош айтам.
Ишенип кой эртен эгер жолуксам,
Жылмаямын бирок такыр ун катпайм.
Ушул туну акыркы ирет ыйлаймын,
Коздорумдон акчуу жашым тыйбаймын.
Аргам канча? Айлам канча? кантейин,
Эртен сенсиз жаны жашоо баштаймын.
Мен сага эмес тагдырыма капамын,
Бир муштумдай журогуно батпадым.
Мына бугун алыстоону чечтим мен,
Мындан башка эч бир арга таппадым