Кара-Кулжа болбосо,
Ошуң көрккө келеби?
Катмарлашкан тоолору,
Караан турат себеби!
Көркөмүнө көрк кошот,
Кайың, арча, тереги.
Карапайым калкына,
Жетпейт баанын ченеми.
Жашыл шибер жайыты,
Жердин көркү эмеспи.
Жылкы айдап, кой багат,
Жоортуп жайлоо белести.
Жоомарт шайыр жаштары,
Жери үчүн керектү,
Кеп түгөнбөйт мактасаң,
Кереметтүү элетти.
Мейман болуп келгиле,
Батып жыргал эргүүгө.
Чөлүнө да окшобойт,
Ченеми жок кең дүйнө.
Эч бөлүнү билбеген,
Элет бирге, эл бирге.
Эчен арзуу кылгандар,
Эптеп келип көргүлө.))
Калктын таза санаасы,
Кымыз жыттуу абасы.
Коюунунда тоолордун,
Кара-Кулжа карачы?
Моокумуңду кандырат,
Гүл жыттанып талаасы.
Ташты жарган булагы,
Далай дарттын дабасы!
Бөлүнү жок!)) К