Курбан айт туралуу Хикая
Пенде жаңылса да, Аллах жаңылбайт!
Эртең Курбан айт деген күнү, бир адам курбандык чалууга кой сатып алуу үчүн атайын базарга барып, койлордун арасынан эң жакшысын тандап сатып алды. Өзүнүн базарда иши көп болгондугу үчүн, койду үйүнө жеткирип берүүнү суранып, бир тааныш таксист балага жол кирээсин төлөп койду машинесине салып берди. Таксист койду алып барып, дарегинен адашып, койду жанакы кишинин үйүнө эмес, беш балалуу күйөөсү каза болгон жесир аялдын үйүнө түшүрүп кетип калат. Жесир аял балдары менен сүйүнүп, "Кайсы бир жакшы пенде бизге жакшылык кылды, курбандык чалууга бир баш кой жөнөтүп жибериптир"- деп, бүт кошуналарына айтып сүйүнчүлөп чыкты.
Койду саты