Жүрөк сыздайт, кандай болот эх эми.
Эл жеримдин бүгүнү да эртеңи.
Караан издейм, чынчыл адал ал ким?!
Коргоп алар, эр азамат ким деги.
Дилим күйүп, тилим күрмөп нес болом.
Дүйнөм түтөп, көөдөн бопбош эх эми.
Жарык берер тосуп дубал душманга.
Айткылачы! Кыргызымда ким деги.?!
Көзү көрүп, көөдөн сокур көп беле...
Кайран элдин, бешенеси шор дейби?
Өз көмөчүн ойлоп жүргөн наадандар.
Көкүрөктүн сол тарабы таш дейби?!
Чыркырайт да чыңырат да жер эне.
Чындык курар, чыгаан бизде жок дейби?
Чоочуп түштөн, турам сыздай жандүйнөм.
Айткылачы?! Араңарда Манас болчу бар дейби?
Жүрөк жашыйт, кан тамчылап салаалай.
Эртең дейбиз, эртең таңы бар дейби..?
Эзилемин эзип өзүм өзүмдү.....
Айткылачы?! Жакш