Басра шаарында бир Кудайдан корккон такыбадар инсандын ажалы жетип өлүм төшөгүндө жатты. Анын бул дүйнө менен кош айтышаарын билген туугандары тегеректешип алып ыйлап жатышты. Алардын ага ушунчалык ыйлашканын көрүп: - Мени төшөктөн чыгарып олтургузгулачы – деп суранды. Туугандары анын өтүнүчүн дароо орундатышты. Анда ал атасына карап: - Оо атаке сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – деди. Атасы баласына көзүнөн жашы токтобой: - Ай балам ай, сени жоготуп, өзүм жалгыз каламбы – деп, ыйлап жатам деди. Андан соӊ энесине кайрылып: - Оо энекем, сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – дегенде, жүрөгүмдү жаралантып кетип жатасың ал мен үчүн айыкпас дарт –