Мечит көрсө "дурдом" дечү күлүп, жыргап,
Ойношу көп, тойлоп жүрчү ичип, ырдап.
"Намазкулдар, арапкул" деп шылдың кылчу,
Аллах жок деп талашчу дайым чырдап.
Даават айтып келгендерди сөгүп-сагып,
"Ваххабист" деп асылчу жалаа тагып.
"Монашка" деп оронгон кызды көрсө,
Монастырга кет бар!- дечү силкип кагып.
Өлбөйм дечү, жүз жашка чыгам деген,
Өлүм келсе арак берип жыгам деген.
Периштени шылдыңдап паракор деп,
Чөнтөгүнө миң долларды тыгам деген.
Кечээ уктум өлүм сааты келген экен,
Башын жанчып улук ажал жеңген экен.
Дүңгүрөтүп той берем деп жүргөн кезде,
Кымбат жанын өз ээсине берген экен...
Кадыр күтүп, көп байлык жыйган болчу,
Пайдасы жок артында баары калды.
Кымбат баалуу унаасына отура алб