Кыйналган жүрөктүн алы канча Көздөр тиктейт каректер талыганча Жетпесе да жүрөгүм сени сүйөт Жашым өтүп калтырап карыганча Баргым келип сен жакка жалындадым Айлам жок тагдырга багынамын Билсең болду башка менен кетип калбай Сени ойлоп, сени күтүп сагынганым Түгөй болсоң сен мага төп келесиң Ашабыз бул өмүрдүн көп белесин Сөйкө шакек көркү жок сен болбосоң Сен тагынсаң аларга көрк бересиң Келечекти ойлоп кээде ойго батам Биздин үйгө келин болуп келип калсаң Атам жок, сен апамды капа кылба Анткени менин апам сенин апаң!!!!! #музыка