Аялдын акышы башталды. Эркекке бир кезде бул акыш жыргалдын туу чокусу болсо, азыр тирүүнүн азабы эле. Үн күчөгөндөн күчөп, тирүүлөй кескилегенсип озондогон онтоо могу көрдөй жагымсыз бөлмөгө эле эмес, ааламга угулуп жаткансып эркекти муунтуп жиберди. Дилин өгөөлөгөн алда кандай оор сезимден эркек көздөрүн жуумп, кулактарын жаап төшөгүндө бир ууч болуп бүрүштү. Качандыр бир минтип басынчу да, бирөө угуп жатабы деп уялчу да эмес. Кайра куду эрдик жасап жаткансып көз көрүнөө сыймыктанчу, эрдемсичү. Азыр акыштанган үндөн качып башын кайда катарын билбей далбастады. Сасыгы башты жарган төшөккө чүмкөнүү мүмкүн эмес эле. Үндү укпоо үчүн ары карап оодарылып кетүүгө да алы жетпей сийдик жа