=КӨПЧҮЛҮГҮ ИЗДЕП ЖҮРГӨН ХАДИС=
Абу Зарр ал-Гифари (андан Аллах ыраазы болсун) Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын салаваттары жана саламдары болсун) Кудуреттүү жана Улуу Эгесинин сөзүн мындайча айтып бергенин кабарлайт:
- “О, Менин кулдарым, чындыгында, Мен Өзүмө адилетсиздикти тыюу салып, силерге да аны арам кылгам, ошондуктан бири-бириңерге зулумдук кылбагыла! О Менин кулдарым, Мен Туура Жолду көрсөткөндөрдөн башкаларыңардын баарыңар адашуудасыңар, ошондуктан Туура Жолго салууну Менден гана тилегиле, анткени, (силерди) Туура Жолго салуучу (бир гана) Менмин! О Менин кулдарым, Мен тойгузгандан башкаларыңардын баарыңар ачкасыңар, ошондуктан тойгузууну Менден гана сурангыла, анткени силерди тойгуз