Атамбаевге: Кыргыздарды малга теңеп: "мал" дедиң Кытайлыктан карыз алып сен жедиң Азап, ажал, апаат менен коштолду Ажо болуп эл башына келгениң Олтура бер, түбөлүккө олтургун Орду ошер сендей болгон телбенин
Отунбаевага: Көтөрө албай макамыңды, баркыңды "Мырктар"дедиң сени баккан калкыңды Кадыржанга басып бердиң кыргызды Кечирбейбиз сендей канкор саткынды "Өз элинин душманы" деп тарыхта Кара менен жазмалайбыз атыңды
Текебаевге: "Вы никто" деп кимди айттың билбедим? Улгайсаң да адам окшоп жүрбөдүң "Мен жараткан мыйзам менен жаша" деп Калың кыргыз элин көзгө илбедиң Кылмыш эч бир жазасы жок калбашын Көпкөн Теке, көөп жүрүп билбедиң
Он жыл чардап каалагандай болдуңар Кыргыз элин бычагы жок