БАКЫТЫҢ ТООДОЙ ДЕШТИ
Быкытың тоодой дешти, жакшылап билбей туруп,
Баардыгы сенде дешти, үйүмө кирбей туруп.
Бактылуу болдум ооба, танбайын шүгүр кылам...
Башкага караганда, жөнөкөй жашоо кургам.
Кээде эле турмуш мени, сол көздөп карап коёт,
А кээде боору ооруйбу, тымызын аяп коёт.
Чалынып мүдүрүлсөм, жылмайып карап мени...
А кээде алдын ала, жыгылтпай таяп коёт.
Ширесин төгүп турса, турмуштун өзү жакшы...
Ак, кара нерселери аябай көзүмдү ачты.
Ушунда- ай деди мага каректен теше карап,
Ачуусу жан дүйнөмө аябай терең батты...
А мейли, бир амалын табам деп жашап келем...
Телегей тегиз болсо, бул ырды жазат белем!
Аңкоорок аял го - деп талдаба окурманым.
Бир кезде жакшы күндү, алмашкам азап