Буттун тынымсыз оорушу, кан тымырдын көөп көзгө жагымсыз көрүнүшү варикоз оорусунун негизги белгилери. Бара-бара бул оору бутка эле эмес жүрөккө, мээге күч келтирип өмүргө коркунуч алып келери турган иш. Варикозду түп-тамыры менен айыктырып сала албаса да, дарыгерлер жеңилдетүүнүн ар кандай жолун сунуштап келишет.
Эки бутка эмитен кам көр
Медицина тилинде варикоз кан тамырдын көөп кетиши деп түшүндүрүлөт. Варикоз - көбүнчө айымдардын көйгөйү. Бул оору негизинен адамдарга гана мүнөздүү илдет. Мындай көйгөйдөн жабыркаган бир да жаныбар жок. Анткени алардын денесинин салмагы төрт бутка бөлүнсө, адамдардыкы эки бутка күч келтирет. Эгер аталган ооруну а