Эч качан сынбаңыздар!..
☺
Суранам...
Сындырам деп кылба аракет, суранам,
Аяйм, текке кеткенине убараң.
Майыштырам, үзөм десең канчалык,
Мен ансайын чыйраламын, уланам...
Жыгам го деп чалма ыргытпа, суранам,
Мүдүрүлүп барып кайра тура алам.
Кирдетем деп кылсаң канча далалат,
Ыйманымдан арууланып, нур алам.
Өчүрөм деп далбас урба, суранам,
Ого бетер күчөп күйөм, уланам.
Сабырды мен алгам эне сүтүнөн,
Кечиремин... бирок сага убадам.
Бөгөймүн деп бөктөрүлбө, суранам,
Ырдүйнөмдү бөгөлбөскө бура алам,
Мен эргүүнү алгам бешик ырынан,
Бардүйнөмдү муза менен сугарам.
Бүлүнтөм деп кылба аракет, суранам,
Анткен сайын ширелишем кубанам.
Ыдырабайм – ыйман, ырым барында,
Бөлүнбөгөн бүтүндүккө туна а